Jump to content

Disolo:Nikaia

Page contents not supported in other languages.
Add topic
Katuka Wikipedia

Никей кредосу (381-жыл).

Биз бир Кудайга ишенебиз. Ал баарынан Кудуретүү Ата, асман менен жердин жана бардык көрүнгөн жана көрүнбөгөн нерселердин Жаратуучусу.

Жана да Эгедер Иса Машиахка ишенебиз. Ал атамзамандан мурда Атадан жалгыз туулган Кудай Уулу, Жарыктан Жарык, Кудайдан Кудай, туулган, жаратылган эмес, Ата менен табиятташ. Ал бардык нерселерди жараткан. Ал биз үчүн жана куткарылуубуз үчүн асмандан келип, Ыйык Рух жана Кыз Мария аркылуу пенде болгон. Ыйык Жазмалар боюнча, Ал Понтий Пилаттын алдында биз үчүн чырымга керилип, азап тартып, көргө коюлуп, үчүнчү күндө кайра тирилип, асманга көтөрүлүп кеткен жана азыр Атанын оң жагында олтурат. Тирүүлөрдү жана өлгөндөрдү соттоо үчүн Ал ошол жактан шаң-салтанат менен кайра келгенде Анын падышачылыгынын аягы болбойт.

Жана да Ыйык Рухка ишенебиз. Ал Эгедер жана Өмүр берүүчү, жана да Атадан чыгып туруучу. Ал Ата жана Уул менен бирдей табынууга жана даңкталууга татыктуу. Ал пайгамбарлар аркылуу сүйлөгөн.

Жана да бир, ыйык, баарыбызга жалпы жана апостолдук Жамаатка ишенебиз. Биз күнөөлөрдү таштоо үчүн бир чөмүлүүгө ишенебиз. Биз өлүктөрдүн тирилишин жана дүйнөгө өмүр Берүүчүнүн келишин күтөбүз.

Амин.


Никей кредосу (325-жыл)

Биз бир Кудайга ишенебиз. Ал баарынан Кудуретүү Ата, бардык көрүнгөн жана көрүнбөгөн нерселердин Жаратуучусу.

Жана да Эгедер Иса Машаякка ишенебиз. Ал Атадан жалгыз туулган, Жарыктан Жарык, Кудайдан Кудай, туулган, жаратылган эмес, Ата менен табиятташ.

Ал [асмандагы жана жердеги] бардык нерселерди жараткан.

Ал биз үчүн - адамдар үчүн, жана да биздин куткарылуубуз үчүн түшүп келип, пенденин кейпин кийген.

Ал азап тартып, үчүнчү күндө кайра тирилип, асманга көтөрүлүп кеткен.

Тирүүлөрдү жана өлгөндөрдү соттоо үчүн Ал ошол жактан келет.

Жана да Ыйык Рухка ишенебиз.

[Ал эми: "Ал жок убак болгон!" жана "Жаратылганына чейин Ал болгон эмес!" жана "Ал жок нерседен жаратылган!" же "Анын табияты же заты башка!" же "Кудай Уулу жаратылган!" же "өзгөрүүчү" же "алмашылуучу" дегендерди ыйык жалпы жана апостолдук Жамаат айыптайт.]

June 10, 2020. Translated by Askar Bek

https://en.wikipedia.org/wiki/Nicene_Creed

Yantika disolo mosi ya ke tadila {Nikaia

Yantika disolo